Азирети Муфтий диний объектилердин документациясы боюнча Ош шаарында өткөн жыйынга катышты

Бүгүн, 25-июль күнү Ош шаарындагы Алай атындагы «Имам аль-Бухари» мечитинде райондордун хатибдерине, Ош шаарынын имамдарына жана медресе мүдүрлөрүнө жыйын болуп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, БТКнын мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематилла ажы Жээнбеков, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов катышты.

Жыйындын алгачкы бөлүгүндө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев сөз баштап, республика боюнча диний объектилердин документтерин комплекстүү текшерүү иштери жүрүп жатканын айтып, райондун баш хатибдерине жана имамдарга мечит, медресе, окуу борборлордун иш кагаздарына бекем болууну эскертти. Ал ошондой эле имамдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу багытында ар кандай окутууларды уюштурууну жана жергиликтүү жамаат менен тыгыз иштешүүнү тапшырды. 

Жыйында комплекстүү текшерүүлөр квартал сайын өткөрүлөрү айтылып, жаңы салынган диний объектилер да эсептик каттодон өткөрүү зарылдыгы баса белгиленди. Мындай текшерүүлөр диний объектилердин документтеринин толукталышына көмөк көрсөтүү болуп эсептелери билдирилди.