Аламүдүндө дин кызматкерлери жоокерлер менен жолугушуу өткөрүп, Ата Мекенди коргоо тууралуу баяндама жасашты

Аламүдүн районунун баш имам-хатибинин орун басары Нуркалый Муратбеков жана Кайырма айылынын имамы Райымкул Дүйшөналиев Молдовановка айылында жайгашкан 2-аскердик бөлүгүнүн жоокерлерине Ата Мекенди коргоонун пазилеттери, ислам дининин асыл баалуулуктары жана адамзаттын бул дүйнөгө келген негизги максаты тууралуу баяндама жасашты.

«Мекенди сүйүү ыймандан» демекчи, динибизде Мекенди коргоо зарыл милдет болуп эсептелет. Мекен бул ар бир жаран туулуп өскөн, киндик каны тамган, жашаган жери. Пайгамбарыбыздын куттуу хадисиде, «Эки көздү тозок кармабайт (тозокко түшпөйт). Биринчиси, Алла Тааладан коркуп ыйлаган көз; экинчиси Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн элин, жерин, динин коргоп уктабай чыккан көз» деп айтылат. Мекенибизди коргоп, уктабай күзөттө турган кадырлуу жоокерлер, Алла Таала сиздерди ушулардын катарына кошсун», – деди Нуркалый Муратбеков өз баяндамасында.

Дин кызматкерлери жолугушуу соңунда эл, Мекен үчүн талбай кызмат кылып жаткан жоокерлерге ден соолук каалап, мамлекеттин тынчтыгын жана өнүгүүсүн тилеп дуба кылышты.