Кыштут айылында 400 кишиге ылайыкталган 2 кабаттуу мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Баткен районунун Кыштут айылында жаңы мечит курулуп, салтанаттуу түрдө ачылды. Саамалыкка Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КИУ ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат иштери боюнча адиси Сайдахмад ажы Аппазов, мечиттин курулушуна себепкер болгон Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын өкүлдөрү, демөөрчүлөр, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Азем Алла Тааланын сөзү болгон Куран окуу менен башталды. Андан соң Абдишүкүр ажы Нарматов мечит куруунун пазилети тууралуу айтып, «Мечиттер адамдын адеп-ахлагын оңдоочу, Куран үйрөнүп, тарбия берүүчү жай. Мечитке келгендер жараткандын алдында бай же кедей экендигине, түсүнө карбастан бирдей болуп саналат. Ошондуктан мечиттер элдердин ынтымагын, достугун бекемдей турган жай катары болуусу керек», – деп билдирди. Абдишүкүр ажы Нарматов өз сөзүндө мечитти ар дайым жандандырып турууга чакырды.

Ал эми Баткен казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат иштери боюнча адиси Сайдахмад ажы Аппазов курулган мечит жакшылыкты үйрөтүп, жамандыктан арылтуучу, эң негизгиси амал үзүлбөгөн жайлардан болушуна тилектеш экендигин айтты.

Белгилей кетсек, аталган мечит Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жана жергиликтүү жашоочулардын салымы менен курулган. Мечиттин биринчи кабатында окуу класстары орун алып, анда сабак өтүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Ал эми экинчи кабаты 400 дөн ашуун адамга ылайыкталып бүткөрүлгөн.