Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыяты ишембилик жумалыгын жарыялады

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун буйругу менен аймактагы жалпы мечит, медреселерде бир жумалык ишембилик жарыяланды.

Казыяттын мечит, чарба-курулуш иштери боюнча адиси Арпидин ажы Жороевдин айтымында, казынын буйругуна ылайык атайын түзүлгөн комиссия 1-августтан баштап жалпы мечит, медреселердин тазалыгы менен бирге, алардын ишмердүүлүгүн, иш кагаздарынын абалын текшерүүгө алат.