Борбор калаадагы мечиттердин тазалыгы текшерилет

Бүгүн, 28-июль күнү Бишкек шаарынын Борбордук мечитинде шаардагы жалпы мечит имамдарына жыйын өткөрүлдү. Жыйында имамдардын коомчулук менен жакшы мамиле күтө билүү, мечит документтерин тактыгы жана тазалыгына басым жасалды.  

Жыйындын жүрүшүндө шаар мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов төмөнкүдөй тапшырма берди:

«Учурда өзүңүздөргө маалым болгондой, диний объектилердин коопсуздук жана тазалыгын текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул боюнча өкмөттүн ар кайсы органдарынан атайын комиссия түзүлгөн. Ошондуктан ар бириңиздер жооптуу болгон мечиттердин тазалыгына көңүл буруңуздар. Айрыкча дааратканалардын оңдоп-түзөө иштерине жана тазалыгына маани бериңиздер. Мечит бул – Аллахтын үйү экендигин эстен чыгарбайлы. Мечиттердин тазалыгы, коопсуздугу, документтери болсун, айтор бардык нерсесине биз жоопкербиз. Сиздерге ушул жылдын 10-августуна чейин убакыт берилет. Ушул убакыттын ичинде шаардагы бардык мечиттерде оңдоп-түзөө жана тазалык иштери жүргүзүлсүн».  

Жыйын сонунда казыят тарабынан атайын комиссия түзүлүп, бардык мечиттерде текшерүү жүргүзүлөрү жана тазалыгы начар болгон мечиттердин имамдарына чара көрүлөрү эскертилди.