Ноокат районунун баш имам-хатиби имамдарга акыйда маселеси боюнча тапшырма берип, эл менен иштөөгө чакырды

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Он Эки-Бел айыл өкмөтүнө иш сапары менен барып, жооптуу имамдар менен жолукту.

Жолугушууда дин кызматкерлери  терс диний агымдардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жайкы лагерь жана күндүзгү окутуу курстардын ишмердүүлүгү, жаңы курулуп жаткан мечиттер жана Матрудий акыйдасы боюнча сөз маселелерди карашып, эл менен иштөө керектиги баса белгиленди. 

“Акыйдада ээрчүү жок. Ошондуктан эң оболу өзүбүз акыйданы мыкты окуп, үйрөнүп, андан кийин элибизге окутуп, түшүндүрүшүбүз зарыл. Акыйда назик маселе. Андыктан акыйдага көңүл буруңуздар”-деди Музаффар ажы Турдубаев.