Лейлек районунун баш имам-хатиби Азирети Муфтий жана облус казысы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы менен таанышты

Лейлек районунун Раззаков шаарындагы Нур мечитинде Лейлек районунун баш имам-хатиби Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабировдун 2023-жылдын 26-июлдагы №58 — буйругунун негизинде Лейлек районунун имамдарына мечиттердин жалпы тазалыгы, документтери, инвентаризациясы, китептери, намаз убактылары, мечиттердин өрт коопсуздук талаптарына жооп берүүсү, мечиттеги иш-чаралар жана бирдиктүү форма боюнча жыйын өткөрдү.

       Аталган жыйынга Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдулашим Ормонов,  Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Бахтияр Рахматиллаев жана Лейлек районундагы мечиттердин жооптуу имамдары катышты.

       Жыйында Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин Ош шаарында өткөргөн жыйынында берилген тапшырмалары, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабировдун 2023-жылдын 26-июлдагы №58 – буйругунун аткарылышы боюнча маалыматтарды угуп, бир катар тапшырмаларды берди.