«Апиза эне» атындагы ислам институту 2023-2024-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу борбордук мечиттин жанында жайгашкан «Апиза эне» атындагы ислам институту 2023-2024-окуу жылына карата күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө абитуриенттерди шарият жана Куран факультетине кабыл алууну жарыялайт. Кабыл алуу 25-августка чейин жүргүзүлөт.

Институтта Куран жаттоо бөлүмү уюшулган, медресени бүткөндөр үчүн жогорку деңгээлде шарият илими окутулуп, институтта даярдоо курстары ачылган.

Институттун шарттары:

Китептер, душ, жылуу суу, компьютер, акылдуу доска, теннис, китепкана, жатакана, спорт аянтчасы ж.б.

Шарият илимдеринен сырткары төмөнкү сабактар окутулат:

— Кыргыз тили

— Кыргызстан тарыхы

— Информатика

— Дене тарбия

Окутуу жогорку технологиялык жабдыктар менен жүргүзүлөт. Институтта Муфтият тарабынан бекитилген ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасынын негизинде сабактар берилмекчи.

Окуу жайга талап кылынуучу документтер:

1.Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү

2.Жашаган жеринен тактама (үй-бүлөсү тууралуу)

3.Медициналык тактама (Форма №086)

4. 3х4 өлчөмүндө 4даана сүрөт

5. Билими тууралуу күбөлүк же аттестат же медресенин диплому

Кирүү сынактары:

1. Тест (жалпы кругозор боюнча)

2. Кыргыз тили (жат жазуу)

3. Маектешүү

Байланыш үчүн:                         

Электрондук кутуча: apizaeneinstit@gmail.com

Байланыш үчүн телефон (ватсап):0556981111