Баткен облусунда 36 дин кызматкерине эскертүү берилди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалгы жана Баткен облустук казыятынын, ошондой эле хатибияттын буйрук, тапшырмаларын аткарууда кайдыгер мамиле кылгандыгы үчүн 36 дин кызматкерине эскертүү берилди.

Эгерде кызматкерлер кемчиликтерин жакшыртып, активдүү иш алып барууну жандандырбаса, кызматтынан токтоосуз бошотулары эскертилди.

Белгилей кетсек, облус аймагында жалпы 535 мечит, 16 медресе бар. Алардын 36 дин кызматкерине расмий эскертүү берилген. Дин кызматкерлеринин арасында 1 райондун баш имам-хатиби жана 3 медресе мүдүрү бар.