Лейлек районунун баш имам-хатиби бир катар мечиттер менен таанышты

Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин Ош шаарында 2023-жылдын 25-июлунда өткөргөн жыйынында берилген тапшырмалардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сунушуна ылайык жана Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабировдун 2023-жылдын 26-июлдагы №58 буйругун аткаруу алкагында мечиттердин жалпы ишмердигин текшерүү максатында хатибият кызматкерлеринен турган комиссия тобу түзүлүп, Лейлек районунун Бешкент, Жаңы Жер, Кулунду айыл өкмөттөрүндөгү мечиттерди казыят тарабынан жиберилген АКТнын негизинде текшерип, аталган АКТыда көрсөтүлгөндөй мечиттердин тазалыгы, документтери, инвентаризациясы, китептери, намаз убактылары, мечиттердин өрт коопсуздугунун талапка жооп берүүсү,мечиттеги иш-чаралар, имамдардын 5 убакыт намаздарга, жыйындарга активдүү катышуусу ж.б.у.с. бир катар маселе-жагдайлар боюнча АКТлар түзүлүп, текшерилген мечиттердин имамдарына ар кандай кемчиликтер боюнча эскертүүлөр жана жалпы мечиттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, Лейлек районундагы мечиттердин ишмердигин текшерүү максатында түзүлгөн комиссиянын курамында Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдулашим Ормонов, Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Бахтияр Рахматиллаев бар.