Баткен районунун баш имам-хатиби имамдарга жыйын өтүп, бир катар талаптарды койду

Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечитинде Баткен районунун жана Баткен шаарынын имамдарына жыйын өткөрдү.

Дин кызматкерлери менен жолугушууда райондун баш имам-хатиби имамдар элдин күзгүсү экенин, аларды ишине так, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, бир катар тапшырмаларды берди.

Алар:

•        Аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жандандыруу;

•        Мечит-медреселерди каттоодон өткөрүү;

•        ЖМК менен кызматташууну күчөтүү;

•        Имамдардын билимин жогорулатуу,

•        Ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

•        Ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасын бекемдөө;

•        Кайрымдуулук иштерин күчөтүү;

•        Улут аралык мамилелерди чыңдоо;

•        Мечиттеги иш-чаралар жана бирдиктүү форма;

•        Жаштардын руханий жактан өсүшүнө багытталган баяндама жана лекцияларды өткөрүү.

Ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда ийгилик жараткан имамдарга ыраазычылыгын билдирди. Кайдыгер мамиле жасап жаткандарга расмий эскертүү берди.

Белгилей кетсек, иш-чара облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун 2023-жылдын 26-июлдагы №58 буйругунун негизинде ишке ашырылды.