Баткен облусунун казысы аймактагы дааватчылар менен жолугушту

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров облус аймагындагы ар бир район-шаарлардан чогулган дааватчылар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга казыят кызматкерлери жана аймактардан келген 30 га жакын дааватчылар катышты.

Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан бекитилген жобого ылайык даават жүргүзүү боюнча талкуу болду.

«Динибизди элге жайылтууда жакшы кулк-мүнөз шарт. Айткан сөзүбүз менен ишибиз дал келгендей болушу керек. Муфтият көрсөткөн тартиптен чыкпастан, биргеликте тыгыз иш алып барсак, натыйжасы жакшы болот», – деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Суроо-жооп менен коштолгон талкууда тазалык, кийинүү эрежелери боюнча пикирлер айтылды.

Жолугушуу соңунда казыяттын үгүт-насаат бөлүмү менен даватчылардын тыгыз кызматташуу чечими кабыл алынып, мындан ары атайын окутуулар жана жолугушуу жыйындарын уюштуруп туруу чечими кабыл алынды.