Түп районунун баш имам-хатиби сел жүргөн Кең-Суу жана Байзак айылдарына барып, жергиликтүү тургундарды сабыр кылууга чакырды

Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев Кең-Суу  айылына барып,  табият кырсыгынан жабыркаган эл менен жолукту. Жергиликтүү тургундарды баш имам-хатиб сабырдуулукка чакырып, Алл Таалага дуба кылуу керектигин баса белгиледи.

«Жер титирөө, сел каптоо, көчкү сыяктуу кырсыктардын бардыгы Жараткан Алла Таала тарабынан болот. Бул бизге берилген чоң сабак. Биз инсандар бул окуялардан сабак алып, Жаратканга жакындообуз зарыл. Кырсыктын кесепетинен эгиндеринен, үй-жайынан ажырап калган бир туугандарымды сабыр кылууга чакырам. Анткени Алаа Таала Куранда: «Сабыр кылгыла, Алла сабырдуулар менен бирге!»- деп эскерткен. (Нахл:127) Башка аятында: «Чындыгында сабырдуулардын сыйлыгы эсепсиз берилет деген»,-деди баш имам-хатиб.

Эскерте кетсек, 2- август күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кең-Суу жана  Байзак айылдарында сел жүргө. Натыйжада Байзак айылынан 10, Кең-Суу айылынан 8 үй жабыркаган. Мындан сырткары эгин талаалар, айдоо жерлер кыйроого учураган.