Балыкчыдагы эски мечит оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Мечит. Балыкчы шаары.

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында орун алган “Абу Бакр” мечитинде толук ремонттоо иштери жүрүп жатат. Курулуш каражаттарына кеткен чыгымдарды кайрымдуу инсандар жана мечит жамааты көтөрүүдө. Аталган мечиттин имамы Юсуф Нурдинов өзү оңдоп-түзөөнүн башында туруп, көзөмөл кылып жатканын хатибияттан маалымдашты.

“Бул мечит Балыкчы шаарындагы алгачкы курулган мечит. Ошондуктан оңдоп-түзөөгө, ремонт жүргүзүүгө муктаждыгы бар шаардагы жалгыз мечит болчу”, – деди шаардын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов.

Чойбек ажы мечитке жакындан жардам көрсөтүп жаткан тараптарга ыраазычылык билдирип, алардын иштерине береке тиледи.