Бакыт ажы Кайкиев Кең-Сууга иш сапары менен барып, айылдагы жаңы мечиттин курулушу менен таанышты

Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев райондогу Кең-Суу айылына иш сапары менен барды. Баш имам-хатиб иш сапарынын алкагында айылда жаңы курулуп жаткан заманбап мечиттин курулуш иштеринен кабар алып, куруучулар менен жолукту. 

Бакыт ажы жолугушууда куруучуларга динибиздеги мечит куруунун орду жана сооптору тууралуу айтып берди.

“Буюрса мечит жакшы, сапаттуу курулуп жатат. Бир жарым, эки айдын аралыгында толук бүткөрүлүп, ишке берилип калат”, – деди райондук баш имам-хатиб.