Сайдамир ажы Жейналиев: “Ким исламда жашап, чач-сакалы агарса, Аллах ал пендесин тозокко киргизүүдөн уялат”

Кечээ, 10-август күнү Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө Теше ажы Атамкуловдун 90 жаш маарекеси болуп, ага Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана Өзгөн районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучусу Акжол ажы Бакиров катышты.

Теше ажы Атакулов совет доорунан бүгүнкү күнгө чейин диний кызматты аркалап, калкты диний сабаттуулукка үндөп, элдин ынтымагын бекемдөөгө жана диний агартууга көп салым кошкон ардактуу имам. Имамдын кызматын баалап,  уул-кыздары унаа белек кылышты. Ал эми артында намаз окуп, үлкөн иштеринде кеңеш сурап, үгүт-насааттарын тыңдап, өз төрүнөн орун берип келген жергиликтүү тургундар токулуу ат мингизишти.

Мааракенин жүрүшүндө облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев ардактуу имамдын үлгүлүү өрнөк жолун эскерип, кызматына таазим иретинде ыраазычылык катын ыйгарып, төмөнкүлөргө токтолду:

“Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Ким исламда жашап, чач-сакалдары агарса, Аллах ал пендесин тозокко киргизүүдөн уялат”, – деп айткан. Ал эми жаштайынан пайгамбарыбыздын (с.а.в) мураскору болуп, улуу сахабалар жана аалымдардын жолун жолдоп, өмүрүн динге арнап, ак кызмат өтөгөн Теше ажы дамбылдабыздай инсанга Жараткан кандай сыйлыктарды даярдап койгонун элестетиңиз. Жараткан Аллахым өмүрүңүзгө береке берсин, ар дайым биз үчүн үлгү болуп жүрө бериңиз”.

Маарекенин соңунда облус казысы элге, жерге тынчтык-амандык тилеп дуба кылды.