Бишкек шаардык казыятына караштуу диний объектилер текшерилүүдө

Бишкек шаардык казыяты тарабынан атайын комиссия түзүлүп, шаардагы бардык диний объектилерди текшерүү жүргүзүлүүдө. Анын алкагында диний окуу жайлардын жана мечиттердин имарат жана жер участогунун документтери, санитардык жана өрт коопсуздугунун корутундулары, тазалык жана окуу программалары каралып чыгып, тиешелүү тапшырмалар берилип жатат.

«Баарына маалым болгондой, өкмөттүн диний объектилерди текшерүү боюнча атайын токтому чыккан. Ошонун негизинде биз ордо калаадагы жалпы диний окуу жайларга, мечит, медреселерге эскертүү бергенбиз. Бүгүндөн баштап комиссиянын курамы менен бүт диний объектилерди текшерип келе жатабыз. Текшерүүдө даярдыгы жок, кайдыгер караган жетекчи, имам-хатибдерге тийиштүү чаралар көрүлүүдө», – деди казынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев.

Эскерте кетсек, бул текшерүү иштери Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматовдун тапшырмасына ылайык ишке ашууда.