Калысбек Заманбеков Нарын облусуна эки күндүк илимий иш сапары менен барды

2023-жылдын 12-13-август күндөрү дин аалымы Калысбек Заманбеков “Туура жол, туура ишеним жана балдар тарбиясы” аттуу илимий иш сапары менен Нарын облусуна барды.

Эки күнгө созулган сапарында ал ар бир райондордун борбордук мечиттеринде эркектерге жана аялдарга өзүнчө 2 сааттык сабак өттү. Сабактар облустун бардык райондорунда уюштурулду.

Илимий иш сапардын бирден-бир максаты эл арасындагы туура эмес, кайчы пикирлерге жооп берүү, калктын диний сабаттуулугун арттыруу менен биргеликте, келечек ээлери болгон балдардын, анын ичинен кыз балдардын таалим-тарбиясына этият мамиле кылууну жеткирүү болду.

Ошону менен катар келген элдин күн мурунтан даярдалган суроолору узатылып, Калысбек Заманбековдон шарияттын негизинде жоопторун ала алышты.

Мына ушундай илимий иш-чараны облус аймагында уюштуруп бергени үчүн Нарын облусунун казысы Эрик Молдокуловго терең ыраазычылыгын айткан Заманбеков облус казысына атайын белектерин тапшырып, казыяттын иштерине ийгиликтерди каалады.