Жалал-Абад шаарында ири жолго асфальт басылып, пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүнө узундугу дээрлик эки чакырым, ал эми кеңдиги 20 метрди түзгөн жаңыдан асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Жолдун ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калаа тургундары катышты.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков аземде жол куруунун пайдасы, сообу жөнүндө сөз кылып, калаа үчүн кам көрүп жаткан шаар бийлигине, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн эмгектенип жаткан өлкө жетекчилерине ыраазычылыгын билдирип, «Жараткан Аллах Таалам элибизге ынтымак, биримдик, мамлекетибизге тынчтык, амандык, өсүп-өнүгүү берсин», – деп дуба кылды.

Мэриянын басма сөз кызматы жолдун курулушу Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланып, ага 70 млн. сом акча каражаты жумшалганын билдирди.