Талас облусунун казысы баш имам-хатибдердин 6 айлык отчётун укту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев райондордун баш имам-хатибдерине жыйын өткөрдү. Жыйында баш имам-хатибдер 6 ай аралыгында аткарган иштери жана берилген тапшырмалар канчалык деңгээлде ишке ашырылгандыгы туурасында маалымат беришти.

Сулумбек ажы жыйындын жүрүшүндө ахли сүннөттүн матуридилик жана ханафилик мазхабын жайылтуу, аялдар жана жаш өспүрүмдөр менен тыгыз иш алып баруу, ысырапкорчулуктун кесепеттери жана билим алуунун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча райондук баш имам-хатибдерге тапшырма берди.  

Белгилей кетсек, буга чейин диний окуу жайлардын жана мечиттердин тазалыгын кароо, ошондой эле өрт коопсуздугунун алдын алуу чараларын көрүү боюнча милдеттенмелер жүктөлгөн. Баш имам-хатибдер берилген тапшырмалардын 70 пайызы ишке ашканын, калганы жакынкы күндөрү толук бүтөрүн убадалашты.