Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Казакстан мусулмандарынын Баш муфтийи менен жолугуп, биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Казакстан мусулмандарынын Дин башкармасынын төрагасы Ноорузбай ажы Таган уулу менен жолугуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашрууну талкуулады.

Азирети Муфтий боордош казак өлкөсү менен биргеликте жасалып жаткан иштер жемиштүү болуп жатканын айтып, Түркиянын муфтийлер кеңешинин жана фатваларды чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле Казакстан мусулмандарынын Дин башкармасынын төрагасын Кыргызстанга чакырды.

Өз кезегинде Ноорузбай ажы Таган уулу чакырууну жылуу кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн бир туугандык достукту мындан ары да өркүндөтүүгө багытталган жалпы долбоорлор боюнча сунуштарын айтты.