Нематулла ажы Жээнбеков жаш өспүрүмдөр арасында өткөн хадис сынагына катышты

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ак-Баш айылынын жаштары “Куран Нуру” окуу борборунда билим алган кичинекей улан-кыздар арасында хадис жаттоо боюнча “Пайгамбардын татыктуу үмөттү болгум келет” аталышында сынак өткөрдү. Аталган иш-чарага облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган дин аалымдары катышты.  Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Санжарбек ажы Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, сынак аталган айылдагы “Маткадыров Абдыкаар” атындагы жума мечитинде өтүп, ага жалпы 24 катышуучу катышкан. Алардын арасында 4 уул бала, калганы кыз балдар. Катышуучулардын эң кичүүсү 7 жашта болсо, улуусу 15 жашта.

Хадис жаттоо боюнча балдардын аракетин жогору баалаган облус казысы уюштуруучуларга, демөөчүлүктү колго алган жаштарга, ата-энелерге жана айыл аксакалдарына ыраазычылыгын билдирип, балдарга батасын берди. 

Сынак соңунда жеңүүчүлөргө жана жалпы катышуучуларга баалуу кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.