Жалал-Абад облусунун казысы Сузак районунун жооптуу имамдарын кабыл алды

Кечээ, 17-август күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында Сузак районунун жооптуу имамдарына жыйын өткөрүлдү. Жыйынга облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казы орун басары Алибек ажы Батыралиев, Сузак районунун баш имам-хатиби Ордобек ажы Оморбеков жана Сузак районунун айыл өкмөттөрүнүн жооптуу имамдары катышты.

Жыйында райондун аймагындагы мечиттердин тазалыгы, дааратканалардын иреттүүлүгү, мечиттердин эсепттик каттоосу жана нике кыюуда тиешелүү мыйзамдарды сактоо жөнүндө сөз болду. Казы Нематулла ажы Жээнбеков имамдарга тазалык башкы маселе экенин, ар бир имам мечиттин короосунан баштап дааратканасына чейин көңүл бурушу зарылдыгын айтты. Мындан сырткары коопсуздук боюнча бардык чараларды көрүп, тиешелүү органдар менен тыгыз иш алып баруу тапшырмасын берди.

Нематулла ажы имамдардын нике кыюусу боюнча токтолуп, “Ар бир мечитте атайын бекитилген расмий имамдар бар. Никени ошолор гана кыйсын. Ар бир окулган нике мечиттеги каттоо журналына катталсын. Никеси кыйылып жаткан тараптардын жаш курагына сөзсүз көңүл буруңуздар”, – деп эскертти.