Ош облустук казыятында аялдардын диний окуу жайларынын мугалимдерине багытталган сабактар уланууда

Ош облустук казыятынын жыйындар залында облус аймагындагы диний ишмердүүлүк жүргүзгөн КР ДИМКнын эсептик каттоосунан өткөн аялдардын диний окуу жайларында сабак берген мугалим эжейлерге Матуриди акыйдасы жана фикх (ислам юриспруденциясы) боюнча сабактар болуп өттү.

Аталган сабакка Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу катышып, “КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, диний окуу жайларга светтик сабактарды киргизүү зарылдыгы, КР Президентинин “Улуттук нарк”, “үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыктары жана 2021-2026-жылдаргы Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын артыкчылыктуу багыттары боюнча кенен түшүндүрүп, диний билимди интернет тармагынан эмес, ишеничтүү расмий дин аалымдарынан алууга чакырды. Ошондой эле үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту болтурбоо, жашы жете элек кыздарды эрте турмушка бербөө жана жарандарга диний таалимди жеткирүүдө расмий окуу жайларда сабак берүү керектигине да токтолуп өттү.

Ал эми облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев диний ишенимдер, матуридилик акыйдасы, акыйданын түпкү мааниси жана зарылдыгы боюнча лекция окуду.