«Көлмө» мечитинде өрт коопсуздугу боюнча практикалык сабак өтүлдү

Борбор калаанын Биринчи май районундагы «Көлмө» мечитинде өрт коопсуздугу боюнча жалпы имамдарга практикалык сабак уюштурулду. Аталган иш-чарага Биринчи май районунун баш имам-хатиби Ырысбай ажы Ахунбаев, райондун жалпы имам-хатибдери жана Биринчи Май райондук ӨКМдин өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, майор Бекжан Джексембиев катышты.

«Биз, Биринчи май райондук хатибияты, бул иш-чараны жылына эки жолу өткөзүп келе жатабыз. Оболу Жараткан баарыбызды ар түрдүү кырсыктардан сактасын. Кырсык каш-кабактын ортосунда демекчи, биз ар дайым күттүрбөй келген кырсыкка даяр болушубуз керек. Ошондуктан кырсыктан алдын алуу максатында  ушундай практикалык сабактарды, түшүндүрүү иштерин уланта бермекчибиз. Негизинен өрт коопсуздугу үчүн керектелүүчү каражаттар ар дайым даяр туруусу зарыл экендиги эскертилип айтылды», – деди Ырысбай ажы Ахунбаев.