Ош шаарында жаш балдарга карата зордук-зомбулук жана аялдардын орду тууралуу 2 күндүк семинар болуп өттү

Ош шаарында жаш балдарга зордук-зомбулук жана аялдардын орду, ошондой эле кыз балдардын эрте никеге туруусу боюнча 2 кундүк семинар болуп, иш-чарага аялдардын диний окуу борборлорунун мүдүрлөрү, мугалимдер жана ДОЖ окуучулару катышты. Семинардын алкагында КРнын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чыныбаева, ЮНФПАнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бактыбек Кайназаров катышып, бул семинарлар кайрадан уюштурулуп турушу керектигин айтты.

Семинардын биринчи бөлүгүнө катышкан Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков келечектеги мыкты жетекчи, мыкты мугалимдер дал ушул окуу жайлардан чыгарына ишенерин айтып, окуу борборлордун мүдүрлөрүнө талыкпай мээнет кылууга үндөп, иштерине ийгилик каалап өттү. Ошондой эле иш-чараны уюштурган “Мутакаллим” фондунун төрайымы Жамал Фронтбек кызына ыраазычылык билдирип, аялдардын диний сабаттулугуна дагы да салым кошоруна тилектештик билдирди.