Жалгыз-Теректе жаңы мечит курулду

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Терек айылында “Аль Хасан бин Али” атындагы жаңы салынган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземге Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Сыдыкбеков, айылдык кеңешинин төрагасы Бекназар Шаарбек уулу, Нарын облустук казыятынын жоопту катчысы Орозобек Жунушов, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Алгач айыл башчысы Талантбек Сыдыков сөз алып, «Биринчиден көптөн күткөн мечитибиздин ачылышы менен баарыңыздарды куттуктайм! Мындай жаркыраган мечитти “Катар кайрымдуулук фонду” 3 млн. 240 миң сомго салып беришти. Өздөрү келбесе дагы айыл элинин атынан ыраазычылыгыбызды билдирип өтөлү. Ошондой эле мечитибиздин сапаттуу салынышын колго алган “Мубарак” курулуш компаниясынын жалпы жамаатына да терең ыраазычылыбызды айтабыз», – деп билдирди.  

Облустук казыятынын жоопту катчысы Орозобек Жунушов айыл элинин кубанычын бөлүшүп, мечити менен куттуктап, эсептик каттоодон өткөн мечиттин өздүк күбөлүгүн айыл имамына тапшырып берди.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө айыл жашоочулары канча жылдан бери жакшылык-жамандыгында күн-түн дебей кызмат өтөп келе жаткан айыл имамы Каныбек Кожомкуловго ыраазычылык билдирип, белек-бечкегин тапшырышты.