Алмазбек ажы Сагындыков: «Динибизде дарыланууга эч кандай тыюу салынбайт»

Бүгүн, 23-август күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында жарандарды эмдөө маселеси жана ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча жыйын өкөрүлдү. Иш-чарага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, облустук иммунопрофилактика борборунун төрайымы Лилия Барктабасова ж.б. катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жалпы эмдөөдөн баш тарткандардын саны жана ВИЧ/СПИД илдети менен ооругандар тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө эмдөөдөн баш тарткандардын саны, себеби жана аларды мобилизациялоо жөнүндө иммунопрофилактика борборунун өкүлдөрү маалыматтар беришти.

Ал эми облус казысы вакцина ишеничтүү болуп, курамында арам кошулма болбосо, анда шариятка каршы келбестигин билдирди: “Динибизде дарыланууга эч кандай тыюу салынбайт. Эмдөө боюнча да КМДБнын Аалымдар кеңеши тарабынан чыгарылган фатва дагы бар. Эгерде ошол вакцинада шарият тарабынан тыюу салынган арам нерселер болбосо, анда эмдөөдөн өтсө болот деген. Себеби, пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) өз сөзүндө «арамда шыпаа болбойт», – деп эскерткен».