Балыкчыда жаштар арасында баңгизатынын колдонууну алдын алуу боюнча биргеликте иштешүү макулдашылды

Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов шаардагы мечиттердин имамдары жана медресе жетекчилери менен жыйналыш өткөрдү. Иш-чарага ИИМ кызматкерлери жана укук коргоо кызматкерлери да катышты.

Жыйында каттоодон өтө элек мечиттердин каттоо ишин тездетүү, имамдардын, мечиттердин жана медресенин ишмердүүлүгү, тазалыгы жөнүндө жана ошондой эле жаштар арасында баңгизатын колдонуунун алдын алуу боюнча биргеликте иш алып баруу боюнча сүйлөшүлдү.

“Жашы жете элек балдардын арасында баңгизат колдонуунун алдын алышыбыз керек. Жаштар биздин келечегибиз. Келечегибиз болгон жаштарыбыздын ден соолугу чың болушу керек, ошол себептен жалпыбыз бул нерсеге бөгөт коюушубуз шарт. Шариятыбызда бул нерселер арам кылынган”, – деди баш имам-хатиб Чойбек ажы Исакунов.