Сүлүктү шаарында жаңы мечиттин курулушуна капсула салынды

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Самат айылынын тургуну, жеке ишкер Анас Абдиев Сүлүктү шаарына энеси Камила Туран кызынын атына кайрымдуулук кылып, 350 адамга ылайыкташтырылган мечит курууну колго алды. Аталган курулушка капсула салуу аземи жогорку деңгээлде болуп өттү.

Аземге Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров баштаган мэрия кызматкерлери, Сүлүктү шаарынын имам-хатиби Алмухаммед Мизамидин уулу жана шаар тургундары катышты.

«Мечит куруу эң сооптуу иштерден. Ушул башталган жакшы иш аягына чыгып, элге кызмат көрсөтүүсүн Жараткандан тилейбиз», – деп белгиледи Алмухаммед Мизамидин уулу.