Борбор калаадагы жалпы дин кызматкерлерине бухгалтердик эсеп боюнча маалыматтар берилди

Кечээ, 23-август күнү Бишкек шаарынын жалпы имамдарына бухгалтердик эсеп боюнча түшүндүрмө берилди. Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов, КМДБнын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө Шакир ажы Маматовбуларга токтолду:

«Ислам шариятында тазалык жана тактыкка көп басым жасалат. Ошондуктан биздин бардык иш кагаздар, бухгалтердик эсеп-кысаптар так жана ачык болушу шарт. Ушунун негизинде биз шаардагы жалпы мечит имамдарына бухгалтердик эсеп боюнча сабак уюштурууну пландап жатабыз. Буйруса жакынкы күндөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясы жана бухгалтерия бөлүмүнүн адистери чакыртылып сабактар башталат. Бул иш-чара казыятыбызга жана жалпы имам-хатибдерге пайдалуу болот деген үмүттөбүз».