Баткен шаарында ысырапкерчиликке жол бербөө максатында коомдук талкуу өткөрүлдү

Кечээ, 23-августа Баткен шаарында ыксыз ысырапкерчиликке жол бербөө максатында коомдук талкуу өткөрүлдү. Коомдук талкуу ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө, жарандардын социалдык, экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулду. 

Талкууга Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Кубатбеков, Баткен шаары жана Баткен районунун баш имам-хатиби Абдирашид ажы Юнусов жана ар кайсы тармактагы адистер, шаар тургундары катышып, ысырапкерчиликтин экономикалык, психологиялык, диний жана социалдык таасирлери талкууланды.

Белгилей кетсек, буга чейин 2022-жылдын 31-мартында Баткен шаардык кеңештин токтому чыккан. Анда үйлөнүү, кыз узатуу, сүннөт тойлорун өткөрүүдө, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ысырапкерчиликтерди жөнгө салуу боюнча жобо кабыл алынган. Анын алкагында комиссиялык топ түзүлүп, ишмердигин жүргүзүп келет.