Баткен облусундагы диний окуу жайлар жаңы окуу жылына даяр

Бүгүн, 24-августта Баткен облустук казыяттын жыйындар залында облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов аймактагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жыйын өткөрдү. 

Алгач Муса ажы Жолдошов 2023-2024-окуу жылына карата даярдыктар боюнча медресе мүдүрлөрүнөн маалымат укту. Андан соң билим берүү шарттарын жакшыртуу жаатында бир топ маселелерди козгоду. 

Ошондой эле диний билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча талкуу болуп, казыят кызматкерлери Сайдахмад ажы  Аппазов, Фуркат Авлиёев жана  бир нече медресе мүдүрүнүн айтылган сунуш-пикирлери ортого салынды. 

Диний окуу жайларынын мүдүрлөрүнүн айтымында, учурда бардык медреселерде оңдоп-түзөө иштери аяктап, жаңы окуу жылына даяр турат. 

Жыйындын соңунда казыят жамааты медреселердин ишине ийгилик каалап, келечекте өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө өз салымдарын кошо турган чыгаан атуулдар тарбияланарына ишенич билдирди. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында 16 диний окуу жай өз ишмердигин жүргүзүп келүүдө.