Бишкек шаарындагы имам-хатибдерге бухгалтердик эсеп боюнча атайын сабак уюштурулууда

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушундагы «Латифа» мечитинде имам-хатибдерге бухгалтердик эсеп боюнча сабак өтүлүп жатат.Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын жалпы жамааты жана КМДБнын эсепчиси Султан ажы Момунов катышууда.

Сабактын башталышында шаар казысы Шакир ажы Маматов фитир-садака, №05 токтом жана мечиттердин абалы, тагыраагы документ иштери, тазалыгы боюнча кеп кылды. Андан соң КМДБнын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдиновго сөз берилип сабак башталды.

«Биз Борбордук Текшерүү комиссиясы көп жыйындарга катышып, бухгалтердик эсеп боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бул жолкусунда сабак уюштурулганы жакшы саамалык болуп турат. Бул иш-чараны казынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев уюштуруп, казыят тарабынан имамдарга бүт керектүү окуу куралдарын алып беришти. Негизинен бухгалтердик эсеп-кысап, кириштөө-чыгыштөө, мүлктөрдү каттоо, акт, протоколдор жана журналдарды толтуруу боюнча сабак берип жатабыз. Бул оор иш эмес. Ар бир жетекчи билүүсү зарыл болгон нерсе. Имам-хатибдер – булар мечиттин жетекчиси болгондуктан, эсеп-кысапка так болуусу зарыл жана ар кандай текшерүү учурунда бардык иш кагаздарын ачык көрсөтүп берүүсү зарыл деп эсептеймин», – деди Бакыт ажы.