Баткен шаарындагы борбордук “Нумани” мечити оңдолууда

Баткен шаардык жана райондук хатибиятынын демилгеси, жеке ишкерлердин колдоосу, ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда ашар жолу менен шаардагы борбордук “Нумани” мечитин оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. 

Баткен шаарынын жана районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун айтымында, мечиттин ичи жана сырты толугу менен кооздолуп, килеми жаңыланды. Жарык берүүчү лампалар коюлуп, дубалдары заман талабына ылайык сырдалды. Ошондой эле даараткананын курулуш иштери аяктоо алдында турат жана жакында видеокөзөмөл орнотулмакчы. 

“Бул оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан ишке ашып жатат. Ремонтко 6 млн. сомдон ашык каражат сарпталды. Ушундай жакшы саамалыкты колдоп берген ишкерлерге ыраазылык билдиребиз. Жасаган жакшылыктарынын сообу эселеп кайтсын. Ошондой эле усталардын тамак ашына көмөк көрсөткөн жергиликтүү жашоочуларга да чоң рахмат”, – деп билдирди Абдурашид ажы Юнусов.