ФОТО: Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстанга келди

Бүгүн, 26-август күнү Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов, РФ муфтийинин жардамчысы Ильяс Садулин баш калаадагы Манас эл аралык аэропортуна келип түштү. Ардактуу конокторду Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган муфтият кызматкерлери жылуу тосуп алды.

Белгилей келсек, аталган коноктор эртең, 27-август күнү өтө турган КМДБнын баш кеңсесинин ачылыш аземине катышат.