Казакстан мусулмандарынын баш муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу Кыргызстанга келди

Казакстан мусулмандарынын баш муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу, орун басарлары Кенжеали Коңуратбай уулу жана Сансызбай Курбан уулу баштаган Казакстан мусулмандарынын Дин башкармасынын жамааты Кыргызстанга келди.

«Ак жол» чек ара бекети аркылуу келген ардактуу конокторду Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Асан ажы Сыргабаев жана Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев баштаган КМДБ кызматкерлери тосуп алды.

Белгилей келсек, коноктордун эртеңки күнү, 27-августта өтүүчү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын баш кеңсесинин ачылыш аземине катышуусу күтүлүүдө.