Өзгөндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 100 балага мектеп формасы жана окуу куралдары таратылды

Ош обусунун Өзгөн районда Өзгөн хатибиятынын демилгеси, “Жакшылык үчүн биримдик” фондунун колдоосу менен райондогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 100 балага мектеп формасы жана окуу куралдары алып берилди.

Райондун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Акжол ажы Бакиров саамалыкка демөөрчү болгон фондго ыраазылык билдирип, илим алуудагы пазилет жана илим алуучуларга көрсөтүлгөн кайрымдуулук боюнча сөз сүйлөп төмөнкүлөрдү токтолду: 

“Илим алуу – улуу сооп, ал эми ушундай улуу иштерде көмөктөшкөн кишиге да ошончо, балким андан да көп жакшылыктар берилет. Жараткан эч бир жакшылыкты жоопсуз калтырбайт. Анын катарында муктаждарга жардам берген, алардын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулаган кишиге Кудай Таала эсепсиз соопторду убада кылган”.