Кадамжай районунун баш имам-хатиби Куран үйрөнүп жаткан апаларга сыйлык тапшырды

Баткен облусунун Кадамжай районунун баш имам-хатиби Мухидин ажы Алматов “Ислам” окуу борборунда Куран үйрөнүп жаткан апалар менен жолугушуп, атайын сыйлыктарын жана  хатибияттын мактоо баракчаларын тапшырды.

Маалыматка ылайык,  алар 30 пара Куранды окуп бүтүрүшкөн. Кадамжай районунун баш имам-хатиби 11 апага сыйлык тапшыруу аземинде Курандын пазилети тууралуу кенен баяндама жасады.