Ысык-Көлдө экстремизм жана терроризмге каршы туруунун теоретикалык жана практикалык негиздери талкууланды

Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө экстремизм жана терроризмге каршы туруу максатында “Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери” аталышта семинар болуп өттү. Семинарга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, Каракол шаарынын, Түп , Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун баш имам-хатибдери, ИИМ кызматкерлери, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун өкүлдөрү жана катышты.

Жыйындын жүрүшүндө “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун өкүлү Таалайбек Акбаев жыйындын максаты жана пайдасы жөнүндө сөз сүйлөп, буларга токтолду: “Бул жыйындын негизги максаты болуп улуттар, диндер жана жамааттар арасында кастыктын алдын алуу болуп саналат. Биздин фонд да ушул ынтымак жаатында көптөгөн иш-аракеттерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  менен биргеликте жүргүзүп келебиз”, – деди.

Дин комиссиясынын өкүлү Кыргыз мамлекетинин диний саясаты, мыйзамдагы дин тутуу эркиндиги, комиссиянын ишмердиги жана Кыргызстандагы каттодон өткөн диний уюмдар тууралуу баяндама жасады.

Ал эми укук коргоо органдары азыркы учурда Кыргызстанда 21 экстремисттик жана террордук  уюмга тыюу салынганын, ошондой эле КРнын соттору тарабынан тыюу салынган 500 интернет тармагындагы материал бар экенин, жарандар маалыматсыздыктын айынан туура эмес маалыматты таратып жатканын айтып, ошол себептүү мечитте, мектепте туура маалымат жеткирүү зарылдыгына токтолду.

Жыйындын соңунда облус казысы: “Биз жума баяндарда жана чогулуштарда ынтымак, ысырапкерчилик, экстремизм жана терроризмдин кесепеттери жөнүндө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Ушуга окшогон окутууларды, жыйындарды биргелешип өткөрүп, коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алсак Кудайым буюрса жемишин берет” – деп жалпы элге жана катышуучуларга батасын берди.