Азирети Муфтий Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары менен жолугушту

Бүгүн, 27-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана күчтөндүрүү, тажрыйба алмашуу, классикалык диний билим берүү менен жаңы ыкмада окутуунун окшоштук-айырмачылыктары, аруу ислам динин жамынган экстремизм жана аны менен натыйжалуу күрөшүү маселелери талкууланды.