Азирети Муфтий Замир кары Ракиев боордош казак элинин муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу башында турган казак аалымдары менен жолугушту

Бүгүн, 27-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Казакстан мусулмандарынын баш муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу башында турган казакстандык диний делегация менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки элдин достугу, өтмүштөгү орток тарыхы, диний билим берүүнүн абалы, матуридилик-ханафилик жолун биргеликте бекемдөө жана жайылтуу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу сыяктуу маселелер талкууланды.

Жолугушуу соңунда Азирети Муфтий Замир кары Ракиев казакстандык ардактуу конокторго ак калпак кийгизип, ак чапан жапты.