Азирети Муфтий Замир кары Ракиев боордош өзбек калкынын муфтийи Нуриддин ажы Калыкназаров баштаган өзбекстандык аалымдар менен жолугушту

Бүгүн, 27-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын жетекчиси Нуриддин ажы Калыкназаров баштаган өзбекстандык диний делегация менен жолукту.

Жолугушууда Орто Азия мусулмандарынын ынтымагы, диний илимди жаңы нукка көтөрүү, Мавераннахр ислам мурасын жандантуу, фатва боюнча тажрыйба алмашуу, заманавий фатваларды биргеликте талкуулоо, салттуу ислам негиздерин жана баалуулуктарын окчун экстремисттик агымдардан коргоо, диний даталарды бир убакытка белгилөө сыяктуу зарыл маселелер талкууланып, келечекте көптөгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделди.