Азирети Муфтий казылардын, баш имам-хатибдердин жана ДОЖ жетекчилеринин отчётун укту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев облус казыларын, баш имам-хатибдерди жана диний окуу жай жетекчилерин кабыл алды.

Азирети Муфтий аймактагы диний кырдаал, экстремизм жана терроризмге каршы теориялык күрөш, ысырапкерчиликке бөгөт коюу, үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган иш-аракеттер, аялдарга жана жаш балдарга карата зордук-зомбулуктарга каршы үгүт-насаат иштери, жаш өспүрүмдөрдүн билим алуу маселеси, аз камсыз жарандарга жардам кампанияларын уюштуруу боюнча ар бир казынын жекече отчётун укту.

Ал эми диний окуу жай жетекчилерине исламий билим берүүнү өркүндөтүү, матуридилик акыйдасын жана ханафилик мазхабын жетик окутуу, ДОЖ студенттеринин коомдук маданий иш-чараларга катышуусун шарттоо боюнча тапшырма берип, дайыма муфтият менен тыгыз байланышта болууну эскертти.