Азирети Муфтий бир катар диний кызматкерлерге Ардак грамота тапшырды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өлкө ичинде КМДБ түзүмдөрүндө иш алып барган диний кызматкерлерге жыйын өткөрдү. Жыйналышта дин иши өтө жоопкерчиликтүү озуйпа экенин, дин кызматкерлери коомго эң ириде өздөрү үлгү болушу зарылдыгын, эгерде диний кызматты татыктуу аткарбай, ага так түшүрсө Алланын даргөйүндө жоопкерчилиги оор болорун айтып, исламга аманатчыл кызмат кылууга чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө Азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндө үзүрлүү эмгектенип, дин жолунда талбай кызмат кылуу менен бирге коомду, өзгөчө жаштарды ислам жолунда тарбиялоодо өзгөчөлөнгөнү, ошондой эле элдин ынтымагына, журттун бүтүндүгүнө салым кошуп келе жаткан бир катар диний кызматкерлерге Муфтияттын Ардак грамотасын тапшырды.