Азирети Муфтийдин Эгемендик күнүнө карата куттук сөзү

Аъузу биллахи минаш-шайтанир-ражийм

Бисмиллахир-рахманир-рахим.

Жараткан Алла Таалага мактоолор, анын акыркы Элчиси жана кулу Мухаммедге (с.а.в.) салават-саламдар болсун!

1991-жылдын 31-августу. Бул дата дүйнө элдери үчүн кадыресе күндөрдүн бири чыгар. Башка элдер үчүн жөн гана жай мезгили бүтүп, каникул аяктаган күн чыгар. Бирок биз үчүн өтө маанилүү, тарыхый дата! Анткени так ушул күнү биз көз карандысыздыгыбызды жарыялап, эркин мамлекет катары өз киндигибизди кескенбиз. Бүгүн толук 32 жыл толду. 

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Эгемендик Алла Тааланын бизге насип кылган зор дөөлөтү. Биз мусулман катары, кыргыз катары, Кыргыз жараны катары ушул нээматтын баркын билип, аздектөөгө тийишпиз. Мекенди сүйүү ага ак кызмат кылуу менен гана мүмкүн. Элди сүйүү алардын бакубат жашоосу үчүн күжүрмөн эмгек кылуу аркылуу гана мүмкүн. Урпакты ойлоо алар жашай турган эгемен өлкөнү мурас калтыруу менен гана мүмүн.  

Ардактуу мекендештер!

Эгемендик албетте, колго кокустан конгон ак кептер эмес. Бүгүнкү суверендүү, эгемен, эркин мамлекет боло алышыбыз үчүн эчендеген эр-азамат аталарыбыз башын канжыгага байлаган. Эчен апалар жалгыз бой калып, балдары менен өтө оор күн кечирип, өмүрлөшүн бир өмүр күтүп өткөн. Ушул эгемендик үчүн эчендеген энелердин ээк ылдый жашы салаалап, эчен аталар мүңкүрөгөн. Эчен тестиер балдардын балалыгы балалыкка окшобой, элден сүрүлүп, басмырланып, жомок дүйнөсү кыйраган. Ушул эгемендик үчүн эчен өмүрлөр жалп өчкөн. Биз эркиндик үчүн курмандыкка чалынган өрнөк өмүрлөрдү унутууга эч качан акыбыз жок.

Кадырлуу замандаштар!

Колдогу эгемендигибизди көз карегинен да аяр сактап, коргоп, ага астейдил кам көрүүгө милдеттүүбүз. Бизди биз кылып турган өзгөчөлүктөрүбүздү бек сактап, аталардан таберик алган асыл баа мурастарды келечек муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Бизди биз кылып турган баалуулуктар; Мекенибиз, тилибиз, дилибиз, динибиз, нарк-насилибиз, тарыхыбыз, «Манасыбыз», макал-лакабыбыз, журтубуз, элибиз, жерибиз, мамлекетибиз! Бул теңдешсиз мурастарды бири-бирине каршы койбой, ар биринин өз орду менен сактоого, барктоого тийишпиз.

Урматтуу журтташтар!

Эгемендик күнүбүз кут болсун! Алла Таала эгемендигибизден айырбасын. Көз карандысыздыгыбызды ыймандуулук, илим-билим, эмгекчилдик, эрктүүлүк менен гана сактай алабыз. Кызыл туубуз көк асманда кыяматка дейре желбирей берсин. Оомийн. 

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев.