ФОТО: Бишкекте Эл аралык Куран жарышы өтүүдө

Бүгүн, 31-август күнү КР Эгемендик күнүнө карата Бишкек шаарындагы Борбордук «Имам Сарахсий» мечитинде III Эл аралык Куран жарышы өтүүдө. Аталган жарышка дүйнөнүн 20 дан ашуун өлкөсүнөн карылар келип, өз күчүн сынап жатканын уюштуруу тобунун башчысы, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү конкурска дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү карылар калыстык кылууда. Алсак, Мисирден Аль-Масарави Нуреддин Ахмед, Катардан Мохаммед Яхья Э М Алтахер, Йеменден Галеб Абдул-Салам, АКШдан келген Хасан Мухаммад Солех, ошондой эле Кыргызстандан Имамали Тажибаев конкурстанттарды баалоодо.

Белгилей кетсек, Эл аралык Куран жарыштын финалы эртең, 1-сентябрь күнү Борбордук «Имам Сарахсий» мечитинде өтүп, жеңүүчүлөр аныкталат.