Бишкекте 3-жолу өткөрүлгөн Эл аралык Куран жарышы жыйынтыкталды

Бүгүн, 1-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Борбордук «Имам Сарахсий» мечитинде КР Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган III Эл аралык Куран жарышы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Дүйнөгө белгилүү хафиз, шейх Аль-Масарави Нуреддин Ахмед башында турган калыстар тобунун чечими менен төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылды:

5-орун – Турфал Али Садиков (Чеченстан Республикасы, РФ);

4-орун – Дастан Эркинбек уулу (Кыргызстан);  

3-орун – Ахмад Акил бин Ахмад Шукри (Малайзия);

2-орун – Мухаммадул-Амийн Маваалиди (Босния жана Герцеговина);

1-орун – Мухаммад Навийд (Пакистан).

Мындан сырткары жалпы конкурсанттарга сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлоо аземинин жүрүшүндө казакстандык ишкер Хамза Тилейлес уулу  Кыргызстандын атынан катышкан Дастан Эркинбек уулуна умрага жолдомо тапшырып, Бишкекте өткөрүлгөн Куран конкурсуна ийгиликтерди каалады.

Калыстар тобунун төрагасы Аль-Масарави Нуреддин Ахмед Куран конкурстарынын өтүшүн жогору баалап, КР мамлекет башчысына, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийине, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирип, жаш карыларга ак батасын берди.

Ал эми үй ээси, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев калыстар тобуна; Мисирден Аль-Масарави Нуреддин Ахмед, Катардан Мохаммед Яхья Э М Алтахер, Йеменден Галеб Абдул-Салам, АКШдан келген Хасан Мухаммад Солех, ошондой эле Кыргызстандын атынан калыстык кылып жаткан Имамали Тажибаевге Ыраазычык кат тапшырып, Кыргыз өлкөсүндө үчүнчү жолу өтүп жаткан Куран жарышынын таржымалына токтолду.

Азирети Муфтий өз сөзүндө Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөндө 12, экинчи жолу өткөрүлгөндө 16, ал эми бул жолкусунда 25 өлкөдөн карылар катышканын билдирип, Кыргызстанда Куран маданиятын көтөрүүгө багытталган бардык аракеттер жасаларын айтты.