Көл-Төрдө Тоң районунун имамдарынын кезектеги жыйыны өттү

Тоң районунун Көл-Төр айылында райондун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов жалпы райондук имамдарга жыйын өткөрдү. Кезектеги бул чогулушта баш имам-хатиб имамдардын ишмердүүлүгү, жамаат менен иш алып баруусу, мечиттердин каттодон өтүүсү, ысырапчылык, КМДБ жана казыяттан келген буйруктарды так, өз убагында аткаруу, мечиттерди таза кармоо боюнча тапшырмаларды берди.

 “Ар ай сайын болуп келген жыйыныбыз бул жолу Көл-Төр айылында болуп өттү. Буюрса чогулушубуз жемиштүү болду, себеби жалпы имамдар жана жергиликтүү эл менен жолугуп, динибиздин баалуулуктары жөнүндө сөз кылдык. Андан соң имамдарга жыйын өтүп, мечиттердин тазалыгын шарттоо, өрткө каршы коопсуздук чараларын көрүү керектигин эскерттик”, – деп билдирди Таалайбек ажы Акунов.