Азирети Муфтий III Эл аралык Куран жарышына келген калыстар тобу менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев III Эл аралык Куран жарышына калыстык кылуу үчүн Мисирден келген Аль-Масарави Нуреддин Ахмед, Катардан келген Мохаммед Яхья Э М Алтахер, Йеменден келген Галеб Абдул-Салам жана АКШдан келген Хасан Мухаммад Солех менен жолугушту.

Тараптар III Эл аралык Куран жарышынын өтүшү жана мындан аркы кызматташтык боюнча пикир алышты.

«Чындыгында татыктуулар жеңишке ээ болушту. Өлкөбүзгө келип, III Эл аралык Куран жарышына калыстык кылып бергениңиздерге ыраазычылык билдирем. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы ар тараптуу кызматташууга даяр», – деди Азирети Муфтий.

Ал эми калыстар тобу меймандос кыргыз элине ыраазычылыктарын айтышып, Куран жарышы мындан ары улана бере тургандыгын билдиришти.